www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cпорт комитети жылды жыйынтыктады

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жыл ичинде өзгөчөлөнгөн спортчуларга, машыктыруучуларга, спорт ардагерлерине, баш калаадагы спорттук мектептерге “Жылдын мыктысы” наамдарын, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаардык спорт комитетинин тандоосу менен бильярдчы Дастан Лепшаков, жеңил атлет Дарья Маслова, оор атлет Ызат Артыков, балбан Жоламан Шаршенбеков, дзюдочу Эрлан Шеров, паралимпиадачы Жыргал Оросбаев, сууда сүзүүчү Владислав Шулико, шахматчы Шаадат Момуналиева “жылдын мыкты спортчусу” наамдарын алышты.

Баш калаанын “Мыкты машыктыруучу” наамы шахмат боюнча спорттук мектептин мугалими, машыктыруучу Келсинбек Исакжановго ыйгарылды.

Борбор шаардагы спорттун жана дене тарбиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спорттук федерациялар менен массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары ыйгарылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости