www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбековдун айтымында, журналист Улан Эгизбаев "Акун" пансионатына эс алып кетүүнү айтып, телефон чалып, байланышкан.

Улан Эгизбаевди мен атайылап чакырып өлтүртүп койгонсуп баары жамандап жатышат деди Жогорку Кеңештин депутаты, "Акун" пансионатынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги тегерек стол учурунда.

Анын айтымында, журналист Улан Эгизбаев "Акун" пансионатына эс алып кетейин деп өзү чалып, барган.

"Улан менин коногум болду. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. Мен эми аны эс алдырганым үчүн дагы күнөөлүүмүнбү? Сиз жакка барып эс алып кетейин дегенинен колуман келген сыйымды көрсөтөйүн деп макул дегем. Эми социалдык тармактагы айрым колдонуучулар журналистти мен атайын чакырып жамандык кылгансып пикир жазып жатышат. Колуман келишинче сыйымды көрсөттүм. Аягында "Акун" пансионаты, Чыныбай Турсунбеков күнөөлүү деп жатып калышты. Кудайды карап кеп кылыш керек да", — деди эл өкүлү.

Чыныбай Турсунбеков Улан Эгизбаев сууга түшүп жаткан учуру видео байкоого алыстан түшүп калганын төмөнкүчө сүрөтөдү. Анын айтымында, видеодо пирстин оң жээгинде ойноп же сүзүп жаткан кишинин сөлөкөтү көрүнүп турат.

Азаттыктын журналисти Улан Эгизбаевдин архивдик сүрөтү

"Пирстин тереңирээк жагында 3-4 киши сууга секирип жатат. Астында экөө сүзүп жүрөт. Пирстин башында дагы 2-3 киши турат. Ары жакта аялдарбы, балдарбы, айтор  4-5өө жүрөт. Маңдай жакта эки караан жүрөт. Улан чабалактап жаткан жердеги сууда сүзүп өтүп жаткандар бар. Анын баары көрүнүп турат, тактаса болот. Бир маалда ошол жердегилер чуркап калды. Суудан алып чыккандан кийин эле куткаруучулар жардам көрсөтүп жатат. Окуянын видео материалында ушундай жазылган. Кичине алыстан тартылган", — деди ал.

Депутат ошондой эле көлдө чуңкурлар жакында эле пайда болушу ыктымалдыгын айтып өттү.

"Ал жакта катерлер жүрөт. Алардын мотору иштегенде суунун түбүндөгү кумду шилеп салып чуңкур пайда кылышы мүмкүн. Улан түшкөн жерде бир-эки чуңкур бар окшойт. Биз аларды текшерип, атайын белги коюп жатабыз", — деди Турсунбеков.

Булак: "Спутник"

Последние новости