www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон беларустук альпинист Николай Свиридовду издөө иштери расмий түрдө токтотулду.
Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун катышуучусу Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, куткаруучулар издөө иштеринин алкагында мүмкүн болгон бардык версияларды текшерип, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланышкан.
Бирок альпинистти табууга мүмкүн болгон эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, Николай Свиридов кар көчкүнүн алдында калган же тоодогу жаракалардын бирине түшүп кеткен болушу мүмкүн.
Учурда абадан издөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Тоодо кар жаай баштагандыктан, куткаруучулар тоодон түшүп жатышат.
Издөө иштерин кайра баштоо пландалбай жатканы айтылды. Смирновдун билдирүүсүндө, чечим куткаруучулардын чарчаганынан эмес, бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлүп, версиялар текшерилгенден кийин кабыл алынганы белгиленди.
Издөө операциясына катышкан куткаруучуларга, ошондой эле техника, байланыш жана башка жардам көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирилди.