www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги жарандардан кайрымдуулук үчүн акча чогултуу боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.
ИИМдин маалыматына караганда, Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн кайрымдуулук уюмдарынын ыктыярчылары катары тааныштырган адамдар мечиттердин жанында жана жол жээктеринде жарандардан акча чогултканы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголгон.
Тергөө учурунда 2019-жылдан бери иштеп келген «Биз эл менен» кайрымдуулук фонду аныкталган. Финансылык талдоодо фонддун жетекчисинин эсептеринин биринде 2026-жылы 41 миңден ашуун операция жүргүзүлүп, жалпы жүгүртүү 12 млн сомдон ашканы белгилүү болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 2024–2026-жылдары келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 30 млн сомду түзөт.
Фонддун жетекчиси, 1993-жылы туулган Б. кызы Т., Бишкекте кармалып, анын үйүндө жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлгөн. Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө уланып, каражаттардын кыймылы жана ишке башка адамдардын тиешеси бар-жогу аныкталууда.