www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук прокуратурасы Ак-Сай айылындагы И. Байбеков атындагы орто мектепте жүргүзгөн текшерүүдө иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгенин аныктады.

Маалыматка караганда, мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу табелдерине жана эмгек акы төлөө документтерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга айлык акы эсептеп турушкан.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости