www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын борбору Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 16-апрелинде Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Жамийла» мюзикли көрсөтүлдү.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган спектакль аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды. Коюм эки боордош элдин маданий жакындыгын, руханий байланышын жана достугун даңазалаган чыгарма катары жылуу кабыл алынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин төрагасынын орун басары Рафаэль Гусейнов, Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Керимли, Ч.Айтматовтун уулу Элдар Айтматов ошондой эле маданият ишмерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев куттуктоо сөзүндө кыргыз-азер маданий кызматташтыгынын өзгөчө маанисин белгилеп, мындай биргелешкен долбоорлор эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү мындан ары да бекемдей турганын баса көрсөттү.

Последние новости