www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамынын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын башталышынын алдында делегация башчылары биргелешип сүрөткө түшүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларын жылуу тосуп алып, кезектеги жыйындын алкагында кабыл алынган чечимдер Союздун алкагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, экономиканын өсүшүн жана калктын жыргалчылыгын жогорулатаарына ишеним билдирди.
Кеңейтилген курамдагы ЕӨАКнын жыйыны 15-августта өтөөрү белгиленди.
14-15-августта өтүүчү ЕӨАКнын жыйынынын күн тартибине жалпысынан 20 маселе киргизилген.