www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстанда эркин экономикалык зоналарды (мындан ары – ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында даярдалган.

Сунушталган мыйзам менен аларга ылайык ЭЭЗ министрлер кабинетинин чечими боюнча түзүлө турган өзгөртүүлөр каралган.

Берилген түзөтүүлөрдүн негизги максаты ЭЭЗди түзүү жана жөнгө салуу процессин оптималдаштыруу болуп саналат, ал ЭЭЗди түзүү, мөөнөтүн узартуу, чек араларды өзгөртүү жана жоюу боюнча ыйгарым укуктарды министрлер кабинетине өткөрүп берүүдө чагылдырылат, бул чечим кабыл алуу процессин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Последние новости