www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда бычак менен жаракат келтирген хулигандык мүнөздөгү кылмышка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-февралында болжол менен саат 00:30 чамасында Т.М., Т.Ж. жана К.К. аттуу жарандар мас абалында Бишкек шаарынан Петровка айылына келишкен. Фрунзе көчөсүндө алар А.Э. аттуу жаран жана анын тааныштары менен жолугушуп, алардын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланган.
Мушташ учурунда Т.М. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум эрежелерин одоно бузуу менен А.Э.ге бычак сайып, жаракат келтирген.
Окуядан кийин Т.Ж., Т.М. жана К.К. “Honda” үлгүсүндөгү автоунаа менен окуя болгон жерден качып кетишкен.
Аталган факт Москва РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган Т.Ж. жана Т.М., аттуу жарандар, аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча соттук экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын жана башка кылмышка шектүүлөрдү аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөө улантылууда.