www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 29-октябрында Жайыл РИИБдин кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө “Калинин райондор аралык аңчылар жана балыкчылар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен биргеликте браконьерлик менен алектенген жарандарды кармашкан. Алардын жанынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралдар табылган.

Бул факт мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн алкагында алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, сунушталган карабиндер “ТОЗ-16” жана “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү бир ок атуучу, мергенчиликке арналган, сайлуу ок атуучу курал болуп саналат.

2026-жылдын 2-февралында аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 16-февралында шектүүлөр - 1988-жылы туулган М.М. жана 1988-жылы туулган К.Р. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Последние новости