www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды, деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, айрым кызматкерлер жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы алдын ала сүйлөшүп алып уюштурган. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жасалма баштапкы документтер колдонулган, бул жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамдуу негиздерсиз тариздөөгө мүмкүндүк берген.
«Жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында мекемеде жана кызмат адамдарынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар аныкталып, алынган.
Мындан тышкары, жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү, тактап айтканда, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо жолу менен ишке ашырылгандыгы аныкталган», - деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.