www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Республиканын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык көзөмөл пункттарында карантиндик продукцияны импорттоо учурунда фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралардын алкагында 13-октябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Эркечтам" өткөрүү пунктунда департаменттин адистери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кытайдан алынып келе жаткан жалпы салмагы 25 тонна картошканы Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, таңгагында маркалоо болбогондугу себептүү жүк жөнөтүүчү өлкөгө кайра кайтарылган.

Последние новости