www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда «дропперлер» кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма кызматы билдирди.
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1971-жылкы К.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылды. Ал үйүн 5 089 000 сомго саткан соң, өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, сумманы «коопсуз» эсепке которууну ишендиргенин билдирди. Аял акчаны которгондон кийин алар менен байланыш үзүлгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш Жаза кодексинин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2003-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган М.Б. аныкталып, кармалды. Алар мурда «Оптима» банкында пластикалык карта ачып, анын маалыматтарын Telegram аркылуу үчүнчү жактарга саткан. Бул карта алдамчылар тарабынан акча алуу үчүн колдонулган.
Интернет-банкингге жана мобилдик тиркемелерге үчүнчү жактарга толук мүмкүнчүлүгүн берүү кылмыш болуп саналат.
Кармалган А.А. жана М.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Текшерүү иштери уланууда.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: үчүнчү жактарга SIM-карталарды, банк карталарын жана башка электрондук төлөм каражаттарын берүү кылмыш жоопкерчилигин жаратат.