www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-январында Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан Чүй районунун Кошой жана Кегети айылдарында жайгашкан орто мектептерде зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын алуу иш-чарасына Чүй райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери жана мыйзам чегинде каралган жоопкерчилик тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо жана жүрүм-турум эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чаранын соңунда окуучулар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү кызматкерлер толук жана так жооп беришти. Мындай жолугушуулар жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алууга жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.