www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-апрелинде Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 16-апрелинде саат 11:00дөн 17:10го чейинки убакыт аралыгында белгисиз жаран Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылында жайгашкан турак үйгө жашыруун кирип, акча каражаттарын жана мүлктөрдү уурдап кеткен. Тактап айтканда: 430 000 (төрт жүз отуз миң) сом, 1 500 (бир миң беш жүз) АКШ доллары, балдардын акча чогултуучу кутучасындагы болжол менен 12 000 (он эки миң) сом, капчыктагы 9 000 (тогуз миң) сом, 700 (жети жүз) евро, ошондой эле эки даана кол саат, алардын бири — баасы 17 000 (он жети миң) сом болгон саат уурдалган. Кылмыш жасалгандан кийин кылмышкер белгисиз багытта качып кеткен.

Бул факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, анын Чүй облусунун башка аймактарында ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости