www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кенжегүл Сатыбалдиева 2026-жылдын 7-апрелинен тартып, 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишимдин негизинде, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна дайындалды.

Сатыбалдиева Кенжегүл Асангуловна 1970-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. 1986–1988-жылдары орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияда билим алган.

1988–1992-жылдары Н. К. Черкасов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун аяктап, театр искусствосу боюнча жогорку билим алган.

Эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы театрында жана Бишкек шаардык А. Умуралиев атындагы театрында улантып, тажрыйба топтоп, актриса жана режиссёр катары калыптанган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти Н. Асанбеков, М. Алибаев, Б. Жаныбеков жана И. Жунусов менен биргеликте «Сахна» эпикалык көчмө театрын негиздеген.

2008-жылдан тартып педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенип, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда, Искусство институтунда жана Б. Бейшеналиева атындагы университетте эмгектенген.

2022–2024-жылдары В. Н. Панковдун жетекчилиги алдында «Театр режиссурасы жана драматургия искусствосу» багыты боюнча билим алып, ошол эле мезгилде Москва шаарындагы ГИТИСте (Россия театр искусствосу институту) окутуучу болуп иштеген.

Учурда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда режиссёр жана педагог болуп эмгектенет.

Последние новости