www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда 8-майдагы чек ара чырында жарадар болгон чек арачы С.у.М аттуу жарандын дарылануусу үчүн акча талап кылынганы айтылган.

Бирок жоокердин жакыны бул маалыматты четке какты. Анын билдиришинче, мамлекет жараат алган жоокердин муктаждыктарын камсыздап жатат.

Жоокер 8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяда октон жаракат алган жана учурда ал Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланууда.

"Социалдык тармактарда таратылган маалымат туура эмес. Анткени биз каражат чогултуп жаткан жокпуз. Андай жарнамаларды ким жайгаштырганын да билбейбиз. Мамлекет зарыл болгон нерселердин бардыгын толук камсыз кылып жатат", - деди жоокердин жакыны.
Булак: NazarNews.org

Последние новости