www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында ок жеп каза болгон эки кыргызстандыктын денесин өткөрүп берди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, "жүк 200" кыргыз тарапка 5-апрель түнү саат 23.46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта. Курман болгон кыргыз жарандарынын бири 38, экинчиси 31 жашта болгон.
Эске салсак, 6-апрелге караган түнү кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын эки жараны ок жеп көз жумган. Маалым болгондой, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны контрабандалык жүктү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчилер өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей, ортодо чыр чыгып, натыйжада чек арачылар өз өмүрүн коргоо үчүн курал колдонгон. Башка аткезчилер Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg