www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкекте клиниканын мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган 61 жаштагы А.Б. аттуу жаран бала сатуу боюнча айыпталууда.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда 12-апрелде шалаакылыктын айынан төрт айлык бала чарчап аалганын маалымдаган. Анда соцкызматкер менен милиция багып жаткан аялдан баланы тартып алып, борборго жайгаштырыганы айтылган. Кийин аталган борбордун жетекчиси кызматкерлер бардык функционалдык милдеттерин так аткарышканын айтып чыккан.

Милициядан шектүү белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, балдарды сатып, өзгөчө оор кылмыш жасаганын айтышты. Октябрь райондук соту тарабынан медиктин баш коргоо чарасы каралып, Бишкек шаарынын №21 мекемесине камакка алынганы кошумчаланды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости