www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч баланы бирдей багып алган үй-бүлө

 Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда аларды каржылоо үчүн быйыл бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөн. «Фостердик үй бүлө» программасынын алкагында Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы үч жашы жете элек баланы бакма энеге өткөрүп беришти. Балдардын таламдарын, ошондой эле ар бир бала үй-бүлө чөйрөсүнө муктаж экендигин эске алуу менен балдардын иштери боюнча комиссиянын чечими менен оор турмуштагы жашы жете элек балдарды 2013-жылы туулган эркек бала, 2015-жылы жана 2018-жылы туулган эки кыз убактылуу кармоочу борбордон фостердик үй-бүлөгө бекитилди.

 Алардын ичинен эң кичүүсү учурда реабилитациядан өтүп жатат жана жакында баккан апасына тапшырылат.Асырап алуучу камкордукка алуунун альтернативдик формалары боюнча атайын сертификатка ээ болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости