www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июнга караган түнү Биринчи май районундагы 5-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум инсульттан көз жумган.

Белгилей кетсек, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев Бишкекте мурунку жигити бычактап, барымтага алган кызды бошоткон. Ал бычак көтөргөн шектүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу. Шектүү учурда камакта.

Жабырлануучу кыз куткарылып, бирок бычактан алган жаракаттын кесепетинен ооруканадан көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости