www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Тюрк Сириянын түндүк-батышындагы жээк аймактарындагы жашаган жергиликтүү тургундарды өлтүрүүнү токтотуш керек деди.

Анын айтымында, Сириядан «жапырт үй-бүлөлөр, анын ичинде аялдар, балдар жана жараксыз согушкерлер» өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар келе баштаган. Ошондой эле “белгисиз адамдар, убактылуу бийликтин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле мурдагы өкмөт менен байланышы бар элементтер” тарабынан диний негизде сотсуз өлүм жазасына тартып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар”,-деп кошумчалады Тюрк.

Жогорку комиссар жаңы бийликти мыйзамды сактоо боюнча билдирген милдеттенмелерин сириялыктарды коргоо үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды. Адам өлтүрүүлөр жана башка мыйзам бузуулар боюнча да тергөө жүргүзүлүшү керек жана күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек, деди Тюрк.

Ошол эле учурда Орусия менен АКШ Сириянын батышында жашаган тургундарга каршы зордук-зомбулукка байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине чукул консультацияларды өткөрүүнү суранышкан, деп билдирди Россия Федерациясынын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский. Консультациялар 10-мартка белгиленген.

7-мартта Сириянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Латакия жана Тартус провинцияларында алавиттер менен өлкөнүн бийликтен кулатылган президенти Башар Асаддын тарапкерлери көтөрүлүштү. Сириянын өткөөл бийликтери ага жооп кайтарды. Баш кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сириянын обсерваториясы (SOHR) эки күндүн ичинде кагылышууларда 1000ден ашуун киши набыт болгонун билдирди.

Последние новости