www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы бүгүнкү аскердик эскалацияны айыптады.
"АКШ менен Израилдин Иранга каршы күч колдонуусу жана Ирандын андан кийинки аймактагы жооп кайтаруу аракеттери эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузат", - деди Гутерриш.
Ал согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана чыңалууну басаңдатууга чакырып, муну аткарбоо аймактагы жарандар жана туруктуулук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келүүчү кеңири аймактык жаңжалга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
БУУнун башкы катчысы бардык тараптарды тезинен сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүгө чакырды.
"Эл аралык укукка жана БУУнун Уставына ылайык эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн башка альтернативасы жок", - деп баса белгиледи ал.
Бүгүн, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.
Мындан, тышкары Иран АКШнын аймактагы базаларына сокку урууда.
Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдады.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.