www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Израилдин операциянын натыйжасында Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи баштаган бир нече жогорку даражалуу чиновниктер каза болгондугун Израилдин 12-каналы жана Reuters агенттиги Израилдин жогорку даражалуу чиновнигине шилтеме жасап билдиришти. Мындан тышкары Axios журналисти Барак Равид дагы өздүк булактарга шилтеме берип кабарлаган.
Равиддин айтымында, Израилдин АКШдагы элчиси Йехиель Лейтер Вашингтондогу бир нече жогорку даражалуу чиновниктерге Хаманеинин өлүмү тууралуу кабарлаган.
Израилдик журналист Амит Сегалдын айтымында, Хаменеинин сөөгүнүн видеотасмасы Израилдин премьер-министри Нетаньяхуга жана жогорку даражалуу коопсуздук кызматкерлерине көрсөтүлгөн.
Иран азырынча Хаменеинин өлүмүн тастыктай элек.
Али Хаменеи 1939-жылы 19-апрелде Ирандын Мешхедде шаарында туулган. Ал 1994-жылы Улуу Аятолла деп жарыяланган. Ошондон бери ал Америка өкмөтүн бир нече жолу сындап келген, ал эми 2014-жылы АКШны "бүткүл адамзатка каршы тираниянын символу" деп атаган.
Иранга каршы аскердик аракеттердин башталышын жарыялаган АКШнын президенти Дональд Трамп азыркы Иран жетекчилигин "ырайымсыз жана кооптуу адамдардын тобу" деп атаган. Ал Иран өкмөтүнүн душмандык аракеттери АКШга түздөн-түз коркунуч туудурганын айткан.
Бүгүн, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.
Мындан, тышкары Иран АКШнын аймактагы базаларына сокку урууда.
Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдады.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.