www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Иракчи дээрлик бардык чиновниктер тирүү жана коопсуз экенин билдирди.
"Биз бир же эки командирибизди жоготкон болушубуз мүмкүн, бирок бул чоң көйгөй эмес", - деди Иракчи.
Ал ошондой эле Жогорку лидер Хаменеи жана президент Масуд Пезешкиан тирүү экенин билдирди.
"Менин билишимче, бардык жогорку кызматтагы чиновниктер тирүү", - деди Ирандын тышкы иштер министри.
Бүгүн, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.
Мындан, тышкары Иран АКШнын аймактагы базаларына сокку урууда.
Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдады.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.