www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Катарга жасаган соккусун талкуулайт. Бул тууралуу ТАСС дипломатиялык булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, шашылыш жыйынга чогулууну Алжир, Пакистан жана Сомали мамлекеттери сунуштаган.

БУУнун Коопсуздук кеңешине сентябрда төрагалык кылган Кореянын Туруктуу өкүлчүлүгү Израилдин Катарга жасаган соккусуна байланыштуу бул органдын жыйыны бүгүн, 10-сентябрда боло турганын ырастаган. Күн тартибине "Жакынкы Чыгыштагы абал" боюнча талкуу киргизилген.

Белгилей кетсек, Израилдин Катардын баш калаасы Дохага жасаган соккусунан кеминде беш киши, анын ичинде Газа тилкесиндеги палестиналык Хамас кыймылынын лидери Халил аль-Хейя жана анын кеңсесинин жетекчиси каза болгону айтылууда.

Последние новости