www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 24-сентябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында БШКнын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады. Жогорку Кеңеш баяндаманы бир добуштан колдоду.
Тынчтык Шайназаровдун айтымында, 2025-жыл өлкөнүн шайлоо системасы үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттик шайлоону уюштуруу тартиби жаңыланган. Ошондой эле жаңы шайлоо технологиялары кеңири колдонулган.
2025-жылдын негизги окуясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду. Шайлоо жаңы укуктук шарттарда өтүп, аралаш шайлоо системасынан мажоритардык шайлоо системасына өтүү ишке ашырылган.
Анын алкагында 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланган. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө эки айга жакын убакыт берилген.
Шайлоого катышуу ниетин 589 жаран билдирип, акыркы талапкерлердин тизмесине 460 адам кирген. Алардын 187си же 41 пайызы аялдар болгон.
Шайлоо процессинин уюштуруучуларын жана катышуучуларын окутууга да көңүл бурулган. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын 26 миңден ашуун мүчөсү окуудан өткөн. Мындан тышкары, талапкерлер, алардын өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун түзүү жана үгүт жүргүзүү боюнча семинарларга 400дөн ашуун адам катышкан.
Ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук органдарынын 650дөн ашуун кызматкери шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына ыкчам чара көрүү жана даттанууларды кароо боюнча атайын окутуудан өткөн.
Жалпысынан 2 619 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын 2 492си Кыргызстандын аймагында, 100ү чет өлкөлөрдө, 27си аралыктан добуш берүү үчүн аэропорттордо, соода борборлорунда жана базарларда уюштурулган.
Шайлоодо биометрикалык идентификациялоо жана бюллетенди участокто түздөн-түз басып чыгаруу технологиялары колдонулган. Идентификациядан өткөн ар бир шайлоочу үчүн өзүнчө бюллетень басылып чыгарылган.
Мындан тышкары, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилген. Бул ыкманы 190 миңден ашуун жаран пайдаланып, алардын саны добуш бергендердин жалпы көлөмүнүн 12 пайызын түзгөн.
Чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны 59дан 100гө чейин көбөйтүлүп, алар 34 мамлекетте иштеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 9 826 жаран добуш берген болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 26 066 адамга жеткен.
Майыптыгы бар шайлоочулар үчүн 2,5 миң трафарет жана 3 миң маалыматтык брошюра даярдалган. Шайлоо участокторунун 92 пайызы пандустар менен жабдылган. Ал эми ден соолугунун абалына байланыштуу участокко келе албаган 9 миңден ашуун шайлоочу жайдан тышкары добуш берген.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилген. Добуш берүүгө 1 млн 584 миң 446 шайлоочу катышып, жалпы катышуу 36,9 пайызды түзгөн.
Шайлоо мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу максатында БШК укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барган. Шайлоо учурунда Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко мыйзам бузуулар боюнча 274 маалымат түшүп, 76 факт боюнча административдик жоопкерчилик чаралары колдонулган. Айып пулдардын жалпы суммасы 731 миң сомду түзгөн.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 757 млн сом каралып, иш жүзүндө 647,7 млн сом сарпталган. Натыйжада 109 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлгөн.
Талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147 млн сомду түзүп, бул каражат республикалык бюджетке которулган. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпысынан 1 млрд 805,6 млн сом түшкөн. Каражаттардын түшүшү жана сарпталышы тууралуу маалымат «е-Талапкер» ресурсунда реалдуу убакыт режиминде көрсөтүлүп турган.
Шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.
Баяндамада 2026-жылы да аралыктан добуш берүү жана биометрикалык идентификациялоо механизмдерин өркүндөтүү иштери уланып жатканы айтылды. Ошондой эле шайлоо участокторунда онлайн-трансляция системасын жаңылоо, шайлоо жол-жоболорун автоматташтыруу жана талапкерлердин документтерин электрондук текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эске алуу максатында электрондук картаны киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо системасын өнүктүрүүнүн негизги милдети ар бир жарандын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын тоскоолдуксуз ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу экенин белгиледи.