www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2 жаштагы баланын өңгөчүнөн тыйын алынды

Бишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн операция жолу менен тыйынды алып чыгышты. Бейтап Ош шаарынан жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тыйын баланын кызыл өңгөчүндө болжол менен 5 айдан бери турган.

"Баланын оорусу болжол менен 5 ай мурун кусуу, тамактан баш тартуу жана кийинчерээк жөтөл менен башталган. Ош шаарында бир нече жолу дарыгерлерге кайрылып, дарыланганына карабастан абалы жакшырган эмес. Кийин рентгендик текшерүүдөн өтүп, өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталган. Буга байланыштуу бала адистештирилген жардам көрсөтүү үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектик дарыгерлер жалпы наркоз алдында операция жасап, баланын өңгөчүнөн номиналы 10 рубль болгон, карарып кеткен тыйынды алып чыгышты. Учурда баланын абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Последние новости