www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү иммунизация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселесин талкуулап жатышат.

24-сентябрда Бишкек шаарында «Борбор Азиядагы иммунизация: инфекциялардын очокторуна чара көрүүдөн — туруктуу коргонууга карай» аттуу субрегионалдык стратегиялык диалог башталды.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер катышууда.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсеси жана ЮНИСЕФтин алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан уюштурулду.

Диалогго Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын өкүлдөрү, ошондой эле ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чараны ачып жатып, саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Борбор Азия өлкөлөрү иммунизация жаатында бир катар жалпы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, калктын жогорку мобилдүүлүгү, эмгек миграциясы, соода жана транспорттук байланыштар жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу мамлекеттик чек аралар менен чектелбей турганын көрсөтүүдө.

Стратегиялык диалогдун алкагында вакциналар менен башкарылуучу инфекциялардын алдын алуу, эпидемиологиялык тобокелдиктерге биргелешип чара көрүү жана аймактагы иммунизация системаларын туруктуу өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Иш-чаранын негизги максаты — Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасын бириктирип, калкты вакциналар менен башкарылуучу инфекциялардан коргоонун натыйжалуу жана туруктуу механизмдерин талкуулоо.

Последние новости