www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.
Маалымат менен демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сандык курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда. Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окуунун алкагында БШКнын курамын сегиз мүчөдөн кылып түзүү тууралуу өзгөртүү сунушталарын билдирди.
Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков БШКнын курамын түзүү принциптерине көңүл бурду. Депутат Камила Талиева комиссиянын сандык курамын кыскартуу зарылдыгы эмнеден келип чыкканына кызыкты. Депутат Улан Примов негизги маселелерди кароодо жана добуш берүүдө добуштар тең чыгып калган учурлар тууралуу сурады. Депутат Бурул Аманова гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Ал эми депутаттар Гүлнара Баатырова жана Гүлшаркан Култаева БШКнын курамын түзүү принциптери, добуштардын тең чыгышы жана комиссия мүчөлөрүнүн макамы боюнча суроолорду узатышты.