www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ БШКга талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө административдик айып салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
Жумушчу топтун чечиминин негизинде БШК ыйгарым укуктуу кызматкерине протокол түзүүнү жана Өмүрзаковго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу милдетин жүктөдү.