www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна 17-округдан аттанып жаткан талапкер Бахтияр Бообековго кылмыш иши козголуп, аны жоопкерчиликке тартууга Борбордук шайлоо комиссиясы расмий уруксат берди. Чечим 13-ноябрдагы жыйында 11 мүчөнүн добушу менен кабыл алынды. Талапкер да, анын өкүлү да жыйынга келген жок.
Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, Бообеков өзүнүн штаб башчысы аркылуу 800 миң сом төлөп, көк бөрү оюнунда колдонулуучу тай казан жасаттырган. Ал кийин Сосновка айылына жеткирилип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга берилген. Милиция бул аракетти шайлоочулардын добушун мыйзамсыз сатып алуу катары баалап, тиешелүү беренелер менен кылмыш ишин ачты. Тергөө уланууда.
39 жаштагы Бообеков буга чейин Социалдык фонддун аппарат жетекчиси болуп иштеп келген. Ал тараптан азырынча комментарий жок.
Учурда өлкө жаңы шайлоого карата кызуу үгүт маалын баштан өткөрүүдө. 30-ноябрга белгиленген добуш берүү алдында 467 талапкер катталган. Парламент өзүн таркаткандан кийин ар бир 30 округдан үчтөн депутат шайланат жана гендердик квота сөзсүз сакталууга тийиш.