www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнү таанылып, шайлоонун жыйынтыктары боюнча 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганы белгилүү болду.
Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылды.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.
БШК өлкө аймагында 2492 шайлоо тилкесин, 27 аралыктан добуш берүү шайлоо тилкесин, ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо тилкесин ачты. Аралыктан добуш берүү шайлоо тилкелери аркылуу 190 миң 030 жаран шайлоого катышты.
Боршайком бул жолку парламенттик шайлоодогу негизги өзгөчөлүк - аралыктан добуш берүү аркылуу өзүнүн аймагынан сырткары жүргөн жарандар каалаган шайлоо тилкелеринде добуш бере алышканын кошумчалады.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзам талаптарына ылайык, кынтыксыз жогорку деңгээлде өткөнү айтылды.