www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК дагы эки талапкерге жана бир жаранга айып салды

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган эки талапкерге жана бир жаранга айып салды.

Ведомствонун маалыматына караганда, Whatsapp мессенджеринде тараган сүрөт материалдарга ылайык, Бишкекте үйлөрдүн биринин короосундагы дарактарга № 20 округдан талапкер Темирлан Айтиевдин үгүт баннерлери илинип турганы аныкталган.

Мыйзамга ылайык үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларды, адырларды, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай түрдө болбосун пайдаланууга тыюу салынат.

Ошондой эле Facebook социалдык тармагында жаран Мухара Сатыбалдиева №30 шайлоо округунан талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазганы аныкталды.

Ал эми Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү талапкер Илимбек Кубанычбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын маалымдаган. Ал Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына үгүт баннерлерин илген.

Натыйжада талапкерлер И.Кубанычбековго жана Т.Айтиевге карата 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми М.Сатыбалдиевага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.

Последние новости