www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК 29 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 29 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

БШКдан маалымдашкандай, эми аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.

Аккредитацияланган байкоочулардын катарында:

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү - 8 адам;

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү - 17 адам;

Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү - 2 адам;

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү - 2 адам.

Борбордук шайлоо комиссиясы 47 өлкөнүн шайлоо органдарына, ошондой эле эл аралык уюмдарга - ТМУ, ШКУ, КМШ, Ислам кызматташтык уюму (ИКУ), A-WEB жана ЕККУнун ДИКБ уюмдарына чакырууларды жөнөткөн.

Мындан тышкары, чакыруулар Бишкек шаарында иш алып барган эл аралык уюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган бардык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана Жогорку Кеңеш тарабынан эл аралык парламенттик бирикмелерге чакыруулар жөнөтүлгөн.

Последние новости