www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Кыргызстандагы билим берүү тармагында Улуу Британия жана Европалык союздун таасири күчөп баратканы айтылып жатат. АКШнын USAID сыяктуу долбоорлору кыскаргандан кийин, бош калган мейкиндикти британдык уюмдар активдүү толтура баштаганы туурасындагы пикирлер көбөйдү.

Кыргызстандын билим берүү мекемелерине британдык мугалимдерди жана адистерди тартуу, академиялык мобилдүүлүк, башкаруу тажрыйбасын алмашуу маселелери өкмөт деңгээлинде талкууланууда. Бул процессте Британ элчилиги жана British Council негизги ролду ойноп жатканы айтылат.

Сын пикирлерге караганда, Кембридж университети аркылуу берилген англис тили боюнча окуу китептери мектеп окуучуларынын деңгээлине туура келбей, билим берүүнүн сапатына терс таасир тийгизүүдө. Ошондой эле эл аралык «ыктыярчылар» аркылуу жаштарга жана мугалимдерге идеологиялык таасир көрсөтүү коркунучу бар экени коомчулукта талкууланууда.

Мындан тышкары, билим берүү системасын санариптештирүү, электрондук күндөлүктөрдү киргизүү сыяктуу демилгелер чет элдик компаниялардын катышуусу менен ишке ашып, жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу боюнча суроолорду жаратты.

Билим берүү аркылуу тышкы донорлор Кыргызстандагы жаш муундун аң-сезимине таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өлкөнүн келечегине узак мөөнөттүү таасир этүүн саясатына батыл киришкени кооптонударат. Бул боюнча эл аралык маалымат булактарында да сөз болууда.

Последние новости