www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзордун жыныстык эксплуатация үчүн адам сатууга айыпталган финансист Жеффри Эпштейн менен байланышынын жаңы жагдайлары маалым болуп, андан улам шаар четиндеги резиденциясын таштап чыгып кетти. Бул тууралуу бир нече чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

- Дүйшөмбү күнү кечинде Эндрю "Роял Лож" резиденциясынан кетти... Йорк герцогу мурда белгиленген күндөн мурда куулду. Буга агасынын, Карл падышанын улам ачыкка чыгып жаткан жаңы жагдайларга, нес кылган маалыматтарга олуттуу түйшөлө баштаганы себеп болгон, - деп айтылган маалыматта.

The Telegraph гезити мурдараак АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерге таянып, Маунтбеттен-Виндзор өзүнүн таасирдүү байланыштарын колдонуп, Эпштейндин жеке учагын падышалык Аба күчтөрүнүн базаларына конууга уруксат бердирткенин жазган. 

Падышанын иниси Эпштейн менен болгон байланыштарынан улам бир нече жылдан бери чуунун борборунда болуп келе жатат. 2025-жылдын башында Карл III бир тууганын болгон-бүткөн наамдарынан ажыраткан.

Өткөн аптанын жума күнү АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш чуулгандуу финансычынын иши боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу иши соңуна чыкканын билдирди. Жалпы жарыяланган материалдардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашты. Анын ичинде документтер, электрондук каттар, ошондой эле сүрөт жана видеоматериалдар бар.

Эске сала кетсек, Улуу Британия падышасы Карл IIIнүн иниси Эндрю Маунтбеттен‑Виндзор («Йорк герцогу») Royal Lodge резиденциясын таштап чыгып кеткенден кийин Сандрингем Estate аймагындагы убактылуу турак жайда жашап жатат.

Эндрю мурунтан эле Эпштейнге байланыштуу дооматтардан кийин 2025-жылдын октябрь айында падыша Карл III анын  титулдарын алып салган.

 

 

Последние новости