www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызреставрация институту Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте «Борбордук Азиянын чийки кыштан курулган эстеликтери: изилдөө, консервациялоо, реставрациялоо жана музейлештирүү тажрыйбасы» темасында эл аралык илимий-практикалык семинар өткөрдү.

Иш-чара 25–29-май күндөрү Бишкек шаарында жана Нарын облусундагы Кошой-Коргон шаарчасында болуп өттү.

Семинардын максаты Борбордук Азиядагы сырц эстеликтерин изилдөө, сактоо жана реставрациялоо боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле заманбап ыкмаларды талкуулоо болду. Иш-чаранын алкагында баяндамалар угулуп, Кошой-Коргонго көчмө сапар уюштурулуп, практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Семинарга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн археологдор, архитекторлор катышты. Негизги темалар катары салттуу курулуш технологиялары, эстеликтерди консервациялоо, музейлештирүү жана тармактар аралык кызматташтык каралды.

Последние новости