www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-ноябрда, таңкы убакта Түркстан облусунун Жетысай районунун Алгабас айылындагы 2 кабаттуу жеке турак үйдөн өрт чыгып, 12 адам каза тапты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгууда.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчүлөр барган учурда үй алоолонуп өрттөнүп жаткан. Куткаруучулар үйдөн 2 чоң кишини жана 1 баланы эс-учун жоготкон абалда алып чыгууга үлгүрүшкөн. Алар реанимацияга жеткирилген.

Мындан тышкары өрттөнгөн үйдүн ичинен 12 адамдын, анын ичинде 9 жаш баланын сөөгү табылган. Кошуналардын айтымында, аталган үйдө майрам болуп, коноктор бар болгон.

Казак бийлиги учурда өрттүн себептерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Бул окуя боюнча «Өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу» беренеси менен иш козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Последние новости