www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Жакшы аялдын жардамы

Кубат көчө бойлоп келе жатып, эмнегедир башы айланып кетти. Жерге олтура калып, араң боюн кармап калды, болбосо жыгылып кетет беле ким билет.

Бир кезде олтурган ордунан туруп, кайра сапарын улады. Күн ысык. Төбөдөн тийген күндүн нурунан качып, көлөккө издеген эле жан. Андан дагы суусап суу ичкендердин да саны арбын.

Шаардын чоң көчөлөрү менен келе жаткан Кубаттын дагы башы айлланып кетип, бул жолу өзүн кармана албай жолдун четине жыгылып, денеси арыкка кулады. Аңгыча көчөгө суу сээп жүргөн машина жолго суу сээп өтүп кетти эле, Кубаттын кийимдери, кудум эле  көчө алкаштарынын киййиминдей болуп булганып калды.

Анткен менен Кубат, арыктын ичинен тура албай бир топко жатып калды.  Убакыт алга жылган сайын денеси оор тартып, көзүн жалдыратып ары-бери өтүп жаткан кишилерди үмүт менен караганы менен бир дагы киши жардамга келе койгон жок. Өтүп жаткан элге кайрылып жардам сурады эч ким уккан да жок, бирөө жарым басып келип колун сунуп жардам берип да койбоду.

Күчүнүн баарын чыгарып кыйкырганынан эч майнап чыкпады. Аңгыча күн да уясына кирип, бүгүнкү күндүн сапары карыды. Чаламандын чак түшүндө жардамга келбеген кишилер, эми караңгы киргенде жардамга келмек беле. Жашоодон үмүтү үзүлдү. Ушул жашка келгени Кудайга жаккан эмне иш кылганын эстеди. Бирок жарытылуу эч иш кылбаганын моюнга алып, жөн эле макулуктай болуп ичип-жеп жашап, эч кимге жарыгын тийгизбегенин моюнга алды. Аял алып, бала төрөткөндөн башка кыйратып эмне иш кылды. Тамды болсо союз учурунда заводдон иштеп жүрүп буйрук менен алып койгон. Башка жарыткан эч иш кылбаганын ушул жерде өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып билип, бул жашоого келген бир жандык экенин моюнга алып абдан өкүнүп, ичинен сызды. Адам баласы качан Кудайды эстейт, албетте башка кыйынчылык келгенде. Улам убакыт алга жылган сайын караңгылык пардасы тарттылып келе жатты. Караңгылык менен Кубаттын жашоосу дагы караңгылыкка сиңип бара жаткансып, жашоодон үмүт үзүп койгон кезде, колуна аял затынын назик колу илинип, тургузуу үчүн күч менен тартты. Кубат жаткан ордунан туруп, олтурганда гана жардамга келген аялды тигиле карап:

-Ыракмат, сизге. Сиз улуу Жараткан ыраазы болсун-деп айтты да, анан чөнтөгүнө колун салып, бир купюра миң сомдукту сунуп:

-Аз болсо да алып коюңуз, сунган колду суутпай. Сиз мага экинчи жолу өмүр тартууладыңыз. Кандай жакшы адамсыз. Мен жана кыйналып жатканда улуу Жаратканга жаккан кандай иш жасадым деп ойлонуп жатып, эч бир жакшы иш кылганымды таппай койдум. Сиз эми эстеп жүрүңүз, бир адамдын өлүмдөн сактап калдым-деп. Бул айтылган сөз менен Алина билинбей чоң сооп иш кылганына толук ишенип, Кубат берген миң сомдук алып, үйүндөгү майда балдарына тамак аш алыш үчүн дүкөндү карай жөнөдү.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости