www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде электрондук жана электр жабдууларынын калдыктарынын (ОЭЭЖ) пайда болуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоору талкууланды.

Ведомстволор аралык жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлдөрү жана эксперттери катышты. Долбоор БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан.

Талкуу учурунда министрлик тарабынан долбоорго бир катар сунуштар жана сын-пикирлер айтылды. Атап айтканда, ОЭЭЖ менен иштөөнүн укуктук негиздерин аныктаган мамлекеттик программа же концепция түрүндөгү бөлүктү киргизүү сунушталды.

Министрликтин маалыматына ылайык, ОЭЭЖ кооптуу жана кайра иштетүү татаал болгон калдыктардын түрүнө кирет. Алар кооптуу калдыктардын жалпы көлөмүнүн болжол менен 30 пайызын түзөт. Ошол эле учурда Кыргызстанда мындай калдыктарды кайра иштетүү сектору жана тиешелүү инфраструктура дээрлик жок.

Жолугушууда калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү системасын өнүктүрүүдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (РОП) механизмдеринин мааниси белгиленди.

Жыйынтыгында иш-чаралар планынын долбоору министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Последние новости