www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч кызы бар аял УЗИ аркылуу тѳртүнчү перзентинин жынысын аныктоо үчүн ооруканага жөнөйт. УЗИ кызматкери тѳртүнчүсү дагы кыз экенин сүйүнчүлѳгѳндѳ боздоп ыйлап үйүнѳ кайтат. Перзенттери улам кыз болуп тѳрѳлүп жаткан күйѳѳсү аялынын жүзүнөн эле анын арам оюн дароо эле аңдап түшүнѳт. Аял ушул тѳрѳлѳ элек перзентти аборт кылып таштамак ниетинде эле. Жолдошу менен келишип алган соң, акырын жолго аттанат.

Жараткандын бешенеге жазган тагдырына таң каласын! Үйдөн чыгып баратканда алдынан кошуна аял чыгып калат. Жашы бир канчага жетип калган аял коңшу келиндин алдына өз жумушу менен чыккан эле.

Көздөрү ыйынан шишип кеткен келиндин акыбалын кѳрүп:

-Тынчылыкпы кызым, эмне болду? - деп сурайт.

-Тынчылык эмес,эже! Тѳртүнчүсү дагы кыз экен...

-Кой, тѳртүнчүсү да кыз болсо эмне болуптур? Тырмака зар болгон адамдар да бар го кызым, - деп кичине тынчтандырган болду. Бирок күйөөсү менен келишип алган аялдын кадамы чечкиндүү эле:

-Жок, эже! Мага ушул үч кызым да жетет. УЗИге баратканымда эгер ушунусу да кыз болсо алдырып таштайм деп ѳзүмѳ ѳзүм убада бергенмин.

Капыстан карыя аялдын кѳздѳрү түс алды, кейишке толду:

-Эмне дейт,ыя, сен кимсин ѳзү? Кудай Таала бүтүндѳй маклуктарын жаратып туруп ѳзү каалаган пенделерине неймат, ырыскы, перзент берип жаткан болсо, сен кем акылың менен Анын буйругуна,амирине каршы жүрѳйүн дедиңби? Эгерде Ал сага кыз берүүнү ыраа кѳргѳн экен, ушуга шүгүр кылып ыраазы бол! Дагы бир жолу ушундай сандырак кебиңди уксам ,үйүңѳ кадам баспаймын, үйүңдѳн оокат жебеймин, саламыңа алик да албаймын!

Мына ушул акыркы сөз үч кыздын энесине катуу таасир кылды. Үйүнѳ кайра кейиген абалда кирди. Ѳмүрлүк жарынын суроолуу карашына:

-Ыраазы болуп тѳрѳймүн,- деди.

Ай-күнү келип аялды тѳрѳтканага алып барышты. Дагы УЗИден ѳткѳрүштү. Компьютер бѳбѳктүн чоңоюп калганын, жакынкы күндѳрдүн ичинде тѳрѳгѳнү жатканын тастыктады. Кѳп ѳтпѳй тѳрѳтканасынан бѳбѳктун ый үнү угулганда үч кыздын атасы айласыз колун үйүнүн чѳнтѳгүнѳ салып тѳртүнчү кызы үчүн сүйүнчү пулун берүүгѳ шашылды. Ички бѳлмѳдѳң дарыгер чыгары менен, анын уул бала кѳрдүңүз деген сѳзү жанагы кишини дендароо кылып катырып койду:

-Болушу мүмкүн эмес, акыры…. - деп сѳзүн акырына жеткизе албай кѳздѳрүнѳн жаш сызыла акты.

Эмнеге болушу мүмкүн эмес? Сен ким элең да Аллахтын бол деген амирин болушу мүмкүн эмес деп жатсан!?

Жараткан Аллах бир перзентти сыноо түрүндѳ кыз кейпинде кѳрсѳтүп, ушуга сабыр кылат бекен деп, тѳрѳлүш убагында уул болуп дүйнѳгѳ келтиришинин кандай оордугу бар?

Үч кыздын атасы кѳз жаштарын жашыра албайт эле. Бир топ ай мурун ѳз колу менен кѳмүп таштамакчы болгон перзенти уул болуп туулуп турса, кантип чыдасын! Аллахтын тагдырына мына ушунда чын дилинен ыйман келтирген болсо ажеп эмес! Икая ушул жерден бүтѳт.

Момун мусулмандар жахилия доорун окуп таң калабыз.

”Чын эле адамдар ушунчалык зулумдук, адашкандыкта болушканбы? Кыздарын тирүүлөй көмчү экен” деп коёбуз. 

Бирок азыркы убакта да дал ушундай окуялар болуп жатат, буларды жадагалса ошол Мекке мушриктери кѳрсѳ жакаларын тиштеген болоор эле!

Себеби алар кыздарын жок дегенде кѳмүп коюшчу.

Азырчы? Аборт кылып, кестирип же талаага, туалет, таштанды челекке да таштап кетип калып жатышат. Өлкөбүздө ар 20 мүнөт сайын бир бөбөк аборт болуп жатканына кайдыгербиз.

Пайгамбарыбыз аялдардан ант алып жатканда ѳзүнүн беш шартын койгон. Мына ушул шарттардын ичинде балдарынарды "оокатыма шерик болот" - деп ѳлтүрбѳйсүңѳр деген шарт бар эле.

Бүгүнкү күндѳ нечен деген эже-карындаштарыбыз дал ошол тамагына шерик болбосу үчүн жатындагы баланы алдырып таштап жатат, туурабы?

Кыямат күнү үммѳтүмдүн кѳптүгү менен сыймыктанам деген болсо да, биз келечекте үммѳт боло турган перзенттерди жок кылып жатабыз! Мунун жообу эмне болот азиздер? Бул оор кѳрүнүштүн аягы кандай болот бурадарлар? Аллах Хаким зат! Ага дуба кылалы, Ѳзүнѳн сурайлы! Момун, салих перзенттерди атаа этсин. Уулбу, кызбы мунун эч кандай мааниси жок, негизгиси биз кайтыш болгон соң аркабыздан дуа жиберип турган перзенттерден болсун!

Намаз окусун, бузук иштерден алыс жүрсүн, адам болсун - мына ушуну сурайлы!

Нуриет Абдулазиз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости