www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндөрдүн биринде аялдарга сабак өтүп жаткан учурда устазы аялдарга суроо берет.

Устазы: Оо, менин окуучуларым  бүгүн силер менен бир оюн ойномокчумун. Эгер  ойной тургандар болсо доскага чыксын?

Ошондо бир аял туруп мен ойноймун, устаз деп доскага чыгат.

Устазы : Ойундун шарты мындай. Сен эң жакын адамдарыңдан 20 адамдын атын жазасың. 

Ошондо окуучу, 20 адам атын жазат. Атам, апам, балам , күйөөм, кыскасы 20 адам атын жазат.

Устазы : Ошондо сен эми 8 адамдын атын өчүргүн деп айтат. 

Ал 8 адам атын өчүрөт. 

Устазы : эми дагы 8 адам атын өчүргүн дейт.

Ал  дагы 8 адам атын өчүрөт.

Доскада 4 адам аты  калат. Ата, эне ,  бала, күйөө.. 

Устазы: дагы 2 адам атын өчүр дейт.

Аялдын көзүнөн булак булак жаштар агып колу титиреп 2 адам атын өчүрөт. Атасы менен апасын өчүрөт.

Жалгыз күйөөсү менен баласы калат доскада. Бул ойун мындай эле ойун эмес болчу баардык аялдар тыынч отуруп карап калышты.

Устазы: дагы бир адам атын өчүргүн дейт.  Ошондо аял анданда каттуу ыйлап булак булак жаштар агып. Мен сага айтып жатам өчүр бирөөнү деп айтат.

Аял болсо аран ыйын токтотуп баласын өчүрөт. Доскада жалгыз  күйөөсү калат.  Ошондо устазы отур жайына деп айтат. Бир аздан соң кайра жанагы аялды чакырып, Сен эмнеге өтө балдарына мээримдүү сени тогуз ай баккан ата энен атын  өчүрдүң.  Сен эмнеге өз баланды сага жөлөк болгон баландын атын өчүрдүн.  Эмнеге жалгыз күйөөндү тандадын буну кантип ачыктайсын кантип айтып бересин деп суроо берди.

Ошондо көз жашын арчып мындай деди. Ата энем бир күн келип мени бир жат адамга берип жиберет и менден алыстайт.  Балам болсо чоңойот бутка турат. Үйлөнөт бала чакалуу болот менден аркандай шылтоолор менен менден алыстайт. 

Өмүр боюу жанымда кала турган  бул менин күйөөм болот. Же Бейишим же Тозогум болот ошондуктан күйөөм тандадым.

Бул окуя эжелерибизге, синдилерибизге дарс болсун күйөөнүн кандай улуу экенин билип алыңыз деген максатта жаздым. Азыркы учурда ушундай нерселерге күбө болуп жатабыз аял өз күйөөсүн ата энесине жамандап андай мындай деп арыздангандар көбөйду.  Канча өз ата энене кызмат кылсаңда, канча берилип намаз окусанда, күйөөн нааразы кылсан бардык кылган жакшылыгын жана амалдары  теке кетет кабыл болбойт.   Эн негизгиси күйөөнүн ыраазы кылуу. 

Сен турмушка чыкычан ата энен ыраазы кылуу, турмуштан сон болду ата энен сага Бейишиң боло албайт. Күйөөн сага Бейиш же Тозок боло алат. Ошондуктан ата энеден күйөөңдүн ыраазычылыгы жогору турат...

Исхак Мамасалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости