www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарында жашаган Бекболот деген кудабыз бар эле. Көп жылдан бери ооруп жүрчү, бир күнү анын өлгөндүгү тууралуу бизге кабар келди. Өзүбүздүн салтыбыз боюнча "кокус бир нерсе болуп кетсе..." деп атайын байлап жүргөн жылкыны алып эртеси күнү эле көз көрсөтүп бардык.
Күз маалы болчу, кудабыздын өлүгү боз үйдө экен.
Ал жактан жерге көшөгө тартып коюптур. Бери жагына болсо жерге кийиз төшөп айланта өз ара бир нерселерди кобураша башка алыс жактан келген сый коноктор отурушту. Арада кирип чыккандар да болуп атты. Өлүк тартылган көшөгө биздин арт жагыбызда болчу. Аңгыча жанымда отурган атам "селт" дей түшүп артына бурулуп карады, анан эки жагына карана өзүнчө оозун кыбыратып күбүрөнүп калды. Анын бул кыймылын айланасында отургандардын баары байкаптыр. Жанында турган киши "сизге эмне болду?" деп сурады. "Иэ билбейм, ийнимден эле кимдир бирөө булкуп тарткылап жатканынан бул ким болду экен деп арт жагымды карасам эч ким жок экен" деп жооп берди атам ал кишиге. Анын оң жагында отурган ак сакалчан абышка "ыя эмне дейсиз?" деп кайра сурады. "Иэ билбейм жанатан бери кимдир бирөө бир-эки жолу ийнимден тарткылагандай болгон, үчүнчү жолу катуу жулкулдатканынан бурулуп карасам эч ким жок экен" деп жооп берди атам алиги молдого. Мен да атам менен катарлаш отургам.
- Ээ, куда бекер кылыптырсыз, артыңызга бурулуп карабай эле койсоңуз болмок экен, эми кеч болуп калды» -алиги молдо сөзүнүн аягына чыкпай ичинен бир нерселерди айтьга күбүрөнүп калды. "Эмне болду?"деп атамдын сураганына жооп берген жок. Андан кийин ал жөнүндө сөз болгон жок, бирок алиги молдо өзүнчө башын чайкай атамды кайра-кайра кейип карап атты.
Өлүктү жайына коюп келгенден кийин эле атам өзүн жаман сезе баштады. Үйгө жеткенче жол карата эки-үч жолу кусуп барды. Эртеси күндөн баштап мурункудай тамак ичпей, ичсе эле кусуп кирди. Эки айдын ичинде кадимкидей жаактары шимилип, шылынып түштү. Доктурларды чакырттык эле алар ар кайсы оорунун башын бир айтып так диагнозун таппай коюшту. Анан бара-бара төшөктөн турбай калды. Атам куда өлгөндөн алты айга жетпей каза болду. Өлөр алдында "кап ошол боз үйдө отурганда артыма бекер кайрылып караптырмын. Ошондогу молдонун өкүнгөнү чын экен, ал мага бир нерсени жашырып айтпай койгону менен мен баары бир сезгем. Анткени артыма бурулуп алиги өлүк жаткан көшөгөнү бир карап койгондо эле өзүмдү башкача жаман сезе баштагам. Артымды карабаш керек болчу, бекер караптырмын. Көрсө, ал мени булкуп өзүнө чакырган турбайбы" деп атамдын айтканы алигиче кулагымда калды. Буга чейин атамдын ден-соолугу аябай чың болчу, мен теңтуш балдарга "атам жүзгө чыгат болуш керек" деп мактанып койчумун. Көрсө, кээ бир убактарда өлүк дагы артынан бирөөлөрдү өзүнө карай чакырат экен да.
Булак: Шамбала