www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчөт

"Бишкекгаз” газ кызматынан маалымдашкандай, бир катар көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.

Даректер:

— 13-14-октябрь күндөрү — Ибраимов көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүнбаев көчөсү, Чүй проспектиси, Осмонкул көчөсү, Москва көчөсү, Токтогул көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

— 14-15-октябрда — Байтик баатыр көчөсү, Медеров көчөсү, Панфилов көчөсү, Чоң Чүй каналы.

— 16-17-октябрь күндөрү — Жукеев-Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянная көчөсү.

“Бишкекгаздан” белгилешкендей, жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле ишкана түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Последние новости