www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында изделип жаткан 21 жаштагы Б.Ж. аттуу кыргыз жараны кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарында 33 жаштагы А.М. аттуу жарандын сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран Ош шаарынын Касымбекова көчөсүнөн унаасы менен бараткан маркумду жалдаган. Алар Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына жеткенде ортолорунда чыр-чатак чыгып, шектүү таксистке бир нече жолу бычак сайып, денесине залал келтирген. Таксист өзүн куткаруу максатында жергиликтүү тургундун үйүнө чейин качып барып, үйдүн кире беришинде каза болгон.
Ал эми маркумдун “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын кылмышка шектүү Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып, чет мамлекетке чыгып кеткен.
Учурда кармалган шектүү Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын мекемесине киргизилгени белгилуү болду.