www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып бара жаткан учурда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган.
Бүгүн, 14-октябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.