www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын төрт районуна ачылган күндүзгү стационардык борборлорго акыркы эки күндө 3,5 миңден ашуун адам кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борборлорго кайрылган адамдар көп болгондуктан, ишкерлердин жардамы менен дагы кошумча төрт стационардык түйүн ачылды. Алар шаардагы мектептердин имаратына жайгаштырылды. Бул түйүндөр 9-июлдан тартып саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Стационарлардын даректери:

Биринчи май району: №83 мектеп, Патрисиа Лумумба көч.9;
Ленин району: №68 мектеп, Токтогул көч. 220;
Свердлов району: №94 мектеп, «Дордой-13» көч, 487/4 (Дордой конушу);
Октябрь району: «Сейтек» мектеби, Анкара көч, 1/10.

Бул стационарларга медициналык кеңеш алууга, ийне сайдырууга жана тамчылатып дары сайдырууга муктаж болгон адамдар кайрылса болот.

Мэриянын эскертүүсү боюнча, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышы боюнча Бишкек шаары алдыда. 8-июлга карата өлкөдө коронавируска кабылганы аныкталган 345 адамдын 183ү Бишкектен. Шаардагы вируска чалдыккандар - 3617 киши, бул жалпы өлкөдө коронавирус жугузуп катталган 8486 адамдын дээрлик тең жарымы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости