www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги билим берүү мекемелерине айрадан бомба тууралуу маалымат келип түштү. Милиция балдарды жана кызматкерлерди эвакуациялоодо.

26-апрелде күбөлөрдүн айтымында, жардыргыч зат тууралуу анонимдүү маалымат төмөнкү даректерден түшкөн:

- Огонбаев көчөсүндөгү №4 мектеп-гимназия;

- Тоголок молдо көчөсүндөгү №33 мектеп-гимназия;

- Бөкөнбаев көчөсүндөгү №67 мектеп-гимназия;

- Көк-Жар айылындагы «Тенсай» Кыргыз-Япон мектеби;

- 11-кичи райондогу Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия;

- «Oxford International School» жеке менчик мектеби;

- «Рефал» окуу-тарбия комплекси;

- Орок калктуу конушундагы №90 орто мектеп;

- №51 мектеп-гимназия; - №17 мектеп-гимназия;

- №62 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, 20-апрелде Бишкектин 30дан ашуун мектептерине жана жогорку окуу жайларына бомба тууралуу анонимдүү каттар келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости