www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын бийлиги орус армиясынын же башка аскердик түзүмдөрдүн катарында келишим боюнча кызмат өтөгөн чет элдик жарандарды депортациялоого тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.
Документке ылайык, 2022-жылдын 24-февралынан кийин мындай адамдарга карата чыгарылган депортациялоо чечимдери, убактылуу жашоо мөөнөтүн кыскартуу жана миграциялык документ берүүдөн баш тартуу сыяктуу чаралар жараксыз деп табылат.
Жаңы эрежелер армия менен келишим түзүп кызмат өтөгөн жана согуштук аракеттерге катышкан чет элдик жарандарга, анын ичинде Борбор Азиядан баргандарга да тиешелүү экени айтылууда.
Миграция боюнча адистер бул кадамды Орусияда мыйзамдуу статусу жок же депортация коркунучунда турган мигранттарды аскердик кызматка тартууга түрткү болот деп баалашууда. Айрым эксперттер бул көрүнүштү “согушка тартуунун кошумча механизми” катары мүнөздөшүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда Кыргызстандын 104 миңден ашык жараны «кара тизмеде» болсо, дагы 90 миңден ашууну миграциялык көзөмөл реестрине киргизилген.
Адистердин баамында, жаңы мыйзам армия менен келишим түзгөн чет элдиктерге Орусияда жүрүүгө жана иштөөгө кошумча жеңилдиктерди берет.